Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунун имамдары үчүн атайын окуу курсу Каракол шаарындагы “Мухтарулло” мечитинде башталды. Курска 50гө жакын имам катышып, аларга сабакты КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси, тажрыйбалуу диний окумуштуу Марат уулу Баястан өтүүдө.
Окуу курсу «Ақийда Насафия» китебине негизделип, имамдарга диний акыйда жана исламдын негизги принциптерин тереңирээк түшүнүүгө багытталган. Алгачкы сабактын башталышында Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев катышып, курстун расмий ачылышын жасады. Ал өз сөзүндө имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний сабаттуулукту арттыруу үчүн мындай курстардын маанисин баса белгилеп, участуктарга батасын берди.
«Дин кызматкерлери үчүн билим алуу — бул жөн гана жеке өнүгүү эмес, алар аткарган иштин маанисин жана сапатын жогорулатуу үчүн абдан маанилүү жоопкерчилик. Исламда билим алуу бардык атуулдар үчүн милдеттүү катары каралат, ал эми дин кызматкерлеринин билими жана түшүнүгү коомчулукка түздөн-түз таасир этет. Билимдүү дин кызматкери өзүнүн ишмердүүлүгүн гана терең түшүнүп тим болбостон, коомго туура диний нускаманы берип, диний экстремизмди, сабырсыздыкты жана билимсиздикти жоюуга чоң салым кошот. Аталган билим коомдук тартипти сактоодо, адамдардын руханий абалын жакшыртууда жана жалпы коомдун өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт. Бул жолдо билим алуу — өзүнүн ишине болгон чынчыл мамиле жана адамзатка кызмат кылуу дегенди түшүндүрөт»,-деди облус казысы.