Жалал-Абад шаарында “Мыкты хатиб” сынагы өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулган “Мыкты хатиб” сынагы Жалал-Абад шаарында өттү. Иш-чара шаардагы Мусталый уулу Нуркожо ажы атындагы ислам маданий борборунда уюштурулуп, ага Азирети муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев жана шаардагы жума мечиттеринин имам-хатибтери катышты.

Сынактын максаты — имамдардын тажрыйбасын арттырып, алардын билим деңгээлин жана мамлекеттик тилге болгон мамилесин текшерүү. Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков иш-чаранын маанисин түшүндүрүп, катышуучуларга:

“Урматтуу дамлалар! Бул сынак экзамен алуу же кемчиликтерди талдоо үчүн эмес, биздин ортобуздагы ынтымакты, биримдикти бекемдөө максатында уюштурулууда. Мындан тышкары, сиздердин мамлекеттик тилде жасаган баяндар сиздердин билимдериңиздерди, сүйлөө чеберчилик деңгээлиңиздерди көрсөтөт. Темалар боюнча чектелбестен, өз оюңуздарды ачык айтып, берилген убакытта темадан чыкпай баян кылууга көңүл буруңуздар,” — деп билдирди облус казысы.

Сынакка Жалал-Абад шаарынын жума мечиттеринен 12 имам катышып, алардын баяндарын баалоо үчүн 5 адамдан турган калыстар тобу түзүлдү. Калыстар имамдардын баяндарын алардын тандаган темаларына ылайык, мамлекеттик тилде жасалгандыгын, кийимдеринин ирээттүүлүгүн жана жалпы баяндарын текшеришти. Айрым имамдарга калыстар тарабынан суроолор да берилди.

Сынак соңунда катышуучулар бул сыяктуу иш-чаралардын убакыт өткөн сайын өтүп турушу зарыл экенин айтышты. Ошондой эле, аксакалдар иш-чарага жогорку баа берип, имамдарга ак баталарын беришти.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков мындай сынактар имамдардын диний билимин тереңдетүүгө, тилдин кадыр-баркын жогорулатууга жана жалпы коомдогу ынтымакты арттырууга чоң жардам берерин белгиледи. Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар имамдардын квалификациясын жогорулатуу жана мамлекеттик тилде баяндама жасоонун маңызын түшүнүү зарылдыгын дагы бир жолу эскертип, келечекте мындай сынактарды улантуу пландары жөнүндө айтышты.