Ош шаардык мусулмандар казыятынын борбордук мечитинде, мечит имамдары жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча аткаруу механизмдери түшүндүрүлдү.
Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош ШИИБнин онунчу бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Нургазы Калматов, Ош шаардык казысынын орун басары Мураталы кары Мамадияр уулу, казыяттын эмгек жамааты, диний окуу жайлардын жетекчилери жана мечит имамдары катышты.
Фурхатбек Адилбек уулу сөз сүйлөп, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолордун маанисин түшүндүрүп, дин кызматкерлеринин укуктук нормаларга ылайык иш жүргүзүшү өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Ош ШИИБнин онунчу бөлүмүнүн жетекчиси Нургазы Калматов диний мекемелердин коопсуздугун камсыздоо, экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамдын аткарылышын камсыздоо боюнча маалымат берип, бул багытта жүргүзүлүүчү иштерди дагы бир жолу баса белгиледи.