Баткен облусунда дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган 3 күндүк окуу семинары башталды

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу жана дин кызматкерлеринин Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча билимдерин тереңдетүү максатында, Баткен облусунда 3 күндүк окуу семинары башталды. Бул иш-чараны Баткен облустук мусулмандар казыяты уюштурууда.

Семинарга Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жетекчилик кылып, ар бир аймак үчүн атайын окутуучулар белгиленди. Кенжетай ажы Курманкожоев Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун имамдарына, Мирзат Барпыбеков Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун имамдарына, Жеңишбек ажы Курбанов болсо Баткен шаарынын жана районунун имамдарына сабак өтмөкчү.

Бул окуу семинары диний билим берүү менен чектелбей, ошондой эле Кыргызстан тарыхы, дин тутуу эркиндиги жана акыркы кабыл алынган мыйзамдар жөнүндө маалыматтарды да камтыйт. Семинардын катышуучулары диний сабаттуулукту жогорулатуу, ислам динин туура жана кеңири түшүндүрүү боюнча көптөгөн маанилүү маалыматтарды алышат.

Окуу процессинин негизги максаты дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу жана өлкөдө дин тутуунун эркиндигин камсыздоого көмөк көрсөтүү болуп саналат. Семинар Баткен шаарында, Кадамжайда жана Раззаков шаарларында өтүп, жергиликтүү имамдар менен дин кызматкерлердин катышуусу менен ишке ашууда.