Баткен облусунда ажылыкка баруучуларды эмдөө процесси башталды

14-февралдан баштап, Баткен облусунун аймагында быйылкы ажылык сапарга барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлерге 4 компоненттүү менингитке каршы “ACYW 135” эмдөө вакцинасын жана мезгилдик гриппке каршы “Гриппол” вакцинасын берүү башталды. Эмдөө Баткен облусунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунда жүргүзүлүүдө. Эмдөөгө зыяратчыларды ажы башчылары коштоп, керектүү жардамдарын көрсөтүп келишүүдө.

Баткен облусу боюнча 2025-жылга ажылыкка катталгандардын саны 565 кишини түзөт. Эмдөө Баткен облусунун аймагында ушул жылдын 24-февралына чейин, ал эми республика боюнча 28-февралга чейин уланат.