Толкунбек ажы Жуманов: Учурдун талабына ылайык кошумча багыт катары QR-код колдонулат

КМДБнын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жуманов, КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев, Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Эдил Нурбек уулу Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер жана облустагы айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдерине жыйын өткөрүп, мечиттердин финансылык маселелерин жеңилдетүү боюнча иштелип чыккан QR-коддор аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
«Жылдан-жылга элибиз накталай акчанын ордуна электрондук капчык колдонууга өтүп жатышат. Алардын мечитке кайрымдуулук кылууга ниеттенип, бирок накталай акчасы жок болуп калган жагдайлар пайда болушу мүмкүн. Ошол себептен мечиттерде учурдун талабына ылайык, кошумча багыт катары QR-код колдонулат. Мурдагыдай эле, накталай акча берем дегендер үчүн мечиттердин садака кутучулары тура берет. Ал эми электрондук капчык аркылуу төлөөнү каалагандар үчүн QR-код ыңгайлуу болуп саналат. Ошондой эле, ар бир мечиттин эсеби өзүнчө болуп, QR-код аркылуу киргенде мечиттин аталышы жана дареги чыгат»- деди КМДБнын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жуманов.
Андан соң, QR-код боюнча тиешелүү программист Эсен Сагынов слайд аркылуу кененирээк маалымат берип өттү. Жыйындын жүрүшүндө ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жыйын катышуучуларына «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» жөнүндөгү мыйзам боюнча айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин билдирди.
Ал эми КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев мечиттер базасы тууралуу айтып, базага жүктөлгөн маалыматтарды толуктоолор ж.б. маселелер боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жалпы имамдарга кайдыгер болбостон, жоопкерчилик менен иш алып баруу керектигин айтты.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө QR-код боюнча суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.