Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов Кочкор районунун имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйында имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси талкууланып, ар бир райондо 3 күндүк атайын семинарларды уюштуруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле имамдардын коомдо эл кызматында турган инсандар экени баса белгиленип, алардын адеп-ахлактык нормаларды сактоосу, сыпайылык жана сабырдуулук менен иш алып баруусу зарыл экени эскертилди.
Облус казысы мындан сырткары жаңы мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамга каршы аракеттерден оолак болууга чакырды. Жыйындын жүрүшүндө имамдар тарабынан берилген суроолорго Молдокулов кеңири жооп берди.
Ошондой эле ар бир райондо сырттан чакырылган устаз-аалымдардын сабак өтүүсү үчүн казыятты жана хатибиятты алдын ала кабардар кылуу талабы коюлду.
Мындан сырткары КМДБ тарабынан ишке ашырылып жаткан садака, зекет жана фитир садакасын QR-код аркылуу төлөө системасы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жыйындын соңунда кирип келе жаткан ыйык Рамазан айына жогорку деңгээлде даярдык көрүү тапшырмасы коюлду.