Ош облусуна караштуу Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамы боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүү максатында жыйын өткөрүлүп, ага 300дөн ашуун жаран катышты.
Жыйындын алкагында ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамды толук окуп тааныштырып, кеңири түшүндүрмө берип өттү.
Андан соң облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев динди жеткирүүдө жүрүм-турум, адеп-ахлак мамилелер менен башкаларга үлгү болуу керектигин билдирди.
«Элге дин жеткирүүдө ачууга алдырып эмес, жумшактык менен жергиликтүү элдин каада-салтын сыйлообуз керек. Жүрүм-турум, адеп-ахлак мамилелерибиз менен башкаларга динибиздин баалуулуктарын жашоо турмушта көргөзүү аркылуу даават кылалы», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Ал эми Ош ОИИБнын ЭММКАК бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Тойчубек Бекеев Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзамдагы эрежелерди сактабагандар үчүн берилүүчү айыптар боюнча маалымат берди.
Ошондой эле, райондук прокуратуранын өкүлү жарандарды экстремисттик материалдарды таратуудан оолак болууну эскертсе, ардагерлер кеңешинин төрагасы Асамидин Марипов да өз насааттарын айтып өттү.