Эми сиз өзүңүз жашаган аймактагы мечитке жардам же зекет менен садака берүүнү кааласаңыз атайын QR-код аркылуу төлөм жүргүзө аласыз.
КМДБ кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагындагы баардык район-шаарлардын баш имам хатибдерине, имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш-чарага КМДБнын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жуманов, КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев, Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Эдил Нурбек уулу, “Система Квикпэй” ЖЧКнын адиси Эсен Сагынов, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Арпидин ажы Жороев катышты.
КМДБнын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жуманов QR-код аркылуу зекет жана садаканы кабыл алуу, жарандарды дин кызматкерлерине болгон ар түрдүү күмөндүү ойлордон сактап, финансылык ачык айкындуулукту камсыздай тургандыгын айтып буларга токтолду.
«Биз прогресстен, жаңылануудан коркпошубуз керек. Тескерисинче аны окуп, үйрөнүүнүн аракетин көрүшүбүз зарыл. КМДБнын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун койгон тапшырмасына ылайык зекет, фитр-садака, мечитке бериле турчуу акчалай жардамдар кошумча багыт катары атайын QR-код менен кабыл алынат. Анткени акыркы кездери накталай акча алып жүрүү жарандар арасында азайып баратат. Көпчүлүгүбүз электрондук капчыктарды пайдаланып калдык. Белгилей кетчү жагдай, буга чейин зекет, фитр-садака, мечитке бериле турчуу акчалай жардамдар кандай жол менен алынып келген болсо, аны дагы да уланта бересиздер. Кошумча багыт катары сунушталып жаткан бул система электрондук капчык пайдаланган же чет элде иштеп жүргөн жүргөн жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу. Алар кайсыл жерде болбосун өзү каалаган мечитке фитр-садака, зекет жана жардамдарды QR-код аркылуу бере алышат».
“Система Квикпэй” ЖЧКнын адиси Эсен Сагынов дин кызматкерлерине QR-код аркылуу кабыл алынган зекет, фитр-садаканы, мечитке бериле турчу акчалай жардамдарды райондун баш имам-хатибдери, “Finik” тиркемеси аркылуу көзөмөлдөп байкоо жүргүзсө боло тургандыгын айтып, жаңы платформа боюнча атайын даярдалган фото слайддар менен кеңири түшүндүрмө берди.
Соңунда сунушталып жаткан жаңы система имамдар тарабынан жактырылып, берилген суроолорго тиешелүү адистер жооп беришти.