Кара-Сууда аялдарга «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Исмаил ата» мечитинде райондогу кыз-келиндер окуган диний окуу жайлардын мугалимдери жана студенттерине жыйын өткөрүлүп, анда «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Анда Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, ДИМК ТАБнын өкүлү Ильяз Маматкаримов жана Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси милициянын майору Эсен Ашимов баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга баяндамачылар тарабынан «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам боюнча маалымат берилип, көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо керектиги айтылды.