Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Исмаил ата» мечитинде райондогу жалпы имамдарга, балдар окуган ДОЖ мугалимдери жана студенттерине жыйын өткөрүлүп, анда Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов, ДИМК ТАБнын өкүлү Ильяз Маматкаримов жана Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси милициянын майору Эсен Ашимов «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам боюнча кеңири маалымат берип өтүштү.
«Мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо керек. Эрежени бузган учурда тиешелүү айып пулду төлөө керек. Ошол себептен, биз сиздерге эскертип, «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам боюнча кеңири маалымат берип жатабыз. Мечит имамдары жергиликтүү элге түшүндүрүүдө кайдыгер болбоңуздар. Башкаларга да айтып эскертип коюу керек», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.
Аталган жыйынга Кара-Суу районундагы 200дөй мечит имамы жана райондогу балдар медреселеринен мугалимдери менен биргеликте 300гө жакын студент да катышып, жалпы 500дөн ашуун адам катышты.