Ош шаарында имамдын орун басарына умра жолдомосу белек кылынды

Ош шаарына караштуу «Озгур» мечитинде имамдын орун басары (наиб-имам) Тынчтыкбек Чомоновго Маман ажы Мамытовдун үй-бүлөсү жана Озгур эли умра жолдомосун белек кылды.

Тынчтыкбек Чомонов Ош шаарындагы «Озгур» мечитинде 2015-жылдан тартып наиб-имам кызматын аркалап келет. Ал мечиттин карамагындагы атайын бөлмөлөрдө балдар үчүн Куран жана тажвид эрежелеринен сабак берип, айыл тургундарын руханий жактан калыптануусуна салым кошууда.

Демилге «Озгур» мечитинин Сатарали ажы Исаков баш болгон аксакалдар жамааты жана Озгур эли тарабынан көтөрүлүп, ишке ашырылды.