Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун колдоосу астында Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак, Токтогул, Аксы жана Ала-Бука райондорунда кызамыктын алдын алуу жана адаттагы иммунизация маселелери боюнча окутуучу тренингдерди өткөрдү.
Тренингдер имамдардын жана диний лидерлердин эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу жана алардын калкка маалымат берүүдөгү ролун чыңдоо максатында уюштурулду.