КМДБнын алдындагы 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган штаб өкүлдөрү болочок ажылардын формаларын тигүүчү ЖЧК «Тайган Коллекшн» фирмасын зыярат кылышты.
Зыяраттын жүрүшүндө формалардын сапаты, бычымы, тигилиши жана материалына көңүл бурулду.
«Быйылкы жылы формабыз өзгөчө болуп жатат. Ыңгайлуу материалдар тандалып, улуттук колорит чагылдырылып жатат. Учурда 5000 форма даяр», – деди УРШ башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.