Нарын шаарынын Көтөрмө чөлкөмүндө элибиздин руханий баалуулуктарын тереңдетип, ыймандуулукка чакырган жаңы доордун символу боло турган ири мечиттин курулушу жакынкы күндөрү башталат. Бул облустун тарыхындагы эң чоң ибадатканалардын бири болуп, ал заманбап архитектуралык талаптар менен курулуп, 5000 адамга ылайыкташтырылган үч кабаттуу мечит болору күтүлүүдө.
Долбоордун бардык пландоо жана кагаз иштеринин соңуна чыгышы менен, 2025-жылдын жаз айларында пай дубалы түптөлүп, расмий курулуш иштери башталат.
Долбоордун өзгөчөлүктөрү жана пландары
Бул асыл жай — өзүнүн кооз архитектурасы жана заманбап шарты менен Нарындын көркүн арттырып, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана руханий чөйрө түзөт. Мечиттин аймагында төмөнкүдөй маанилүү объекттердин курулушу пландалган:
- Казыят борбору жана аялдар борбору – диний билим берүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат;
- Үч кабаттуу медресе имараты – имамдарга жана диний кызматкерлерге терең билим берүү үчүн;
- Ыңгайлуу унаа токтоочу жай – зыяратчылар үчүн жеткиликтүү жана коопсуз шарт түзөт;
- Балдар аянтчасы – кичинекей бөбөктөр үчүн коопсуз жана кызыктуу эс алуу жайы;
Мечиттин айланасы өзгөчө архитектуралык эстетикага ылайык кооздолуп, ар бир чарчы метри жашылдандырылып, тургундар үчүн эс алуу аймагына айландырылмакчы.
Иштин башталышына зор салым кошкон жеке ишкер Айбек Моңолов ири долбоор үчүн жалпы аянты 23 000 чарчы метр жер тилкесин өз каражатына сатып алып, Нарын казыятынын балансына расмий түрдө өткөрүп берди. Бул — Нарын эли жана облустук казыят кызматкерлери үчүн чыныгы колдоо жана кайрымдуулуктун үлгүсү болуп калды.
Руханий жаңыланууга жол ачкан иш
Иш пландалгандай жүрүп, 2025-жылдын жаз айларында курулуш иштери расмий түрдө башталса, бул мечит облустун руханий өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, Нарын элинин биримдигин, ыйманын жана маданиятын жаңы деңгээлге чыгарат деген терең ишеним бар.