Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис салам “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” деп бекиткенин Азирети Умар айткан.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргызстандагы мусулмандар үчүн садака-фитирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартибин бекитет:
1. Садака-фитир ар бир жан башына буудай, ун жана мейизден 1 кг 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3кг 200 грамм же алардын акчалай баасынын өлчөмү берилет.
2.Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз)
же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз!
3.Садака-фитир берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.