Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Самаган ажы Мырзаибраимов Азирети Муфтийдин 1-орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович тууралуу:
Билими: жогорку
1999-ж.ж.; ОшМУ, теология факультети
2006-ж.; Түркия, Эл аралык мамилелер боюнча магистр
2008-ж.ж.; Түркия, Анкара университети, Ислам укугу, PhD-доктор
2011-ж. Саясат таануу илимдеринин кандидаты
2015-ж. доцент
Квалификацияны жогорулатуу курстары:
“Педагогика жана психология предметтери боюнча билимин өркүндөтүү”, Бишкек шаары, 2017-ж.
«Сертификат по стандартам организации бухгалтерского учета и аудита иламских финансовых учреждений (AAOIFI)», Бишкек шаары, 2024-ж.
Эмгек тажрыйбасы:
2008 – 2010-ж.ж. Окутуучу, ОшМУ;
2010 – 2013-ж.ж. Ага окутуучу, Кыргыз-Түрк Манас университети;
2013 – 2019-ж.ж. ОшМУнун теология факультетинин деканы;
2019 – 2022-ж.ж. «Ыйман» фондунун төрагасы;
2019-жылдан бери Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
2024-жылдан бери Ишеналы Арабаев атындагы КМУда доцент.