Азирети Муфтий: «Ыйык Рамазанда элибизге тикеден-тик туруп кызмат кылалы!»

Бүгүн, 24-февраль күнү Муфтияттын кезектеги коллегиалдык жыйыны өткөрүлдү. Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров бир канча жагдайларга токтолду:

  • Ыйык Рамазанда калайыкка жогорку деңгээлде кызмат кылуу;
  • Өлкө боюнча ар бир мечитте таравих намаздарын жана хатмул-Курандарды уюштуруу;
  • Жарандардын Рамазан мектебине даяр болушун шарттоо;
  • Куран айы болгон орозодо элди руханий жактан агартууга шыктандыруу;
  • Куран түшкөн куттуу Рамазандын шарапаты менен коом ичинде биримдикти, ынтымакты жана бир туугандыкты бекемдөө;
  • Коомго зекет, үшүр, садага жана битир-садага боюнча так маалымат жеткирүү;
  • Мечиттерде ысырапкерчилик сыяктуу жагымсыз көрүнүштөрдүн кесепеттерин байма-бай айтуу;
  • Ханафилик-матуридилик багытындагы баяндарды жасоо;
  • Ислам маданиятын күчтөндүрүү;
  • Мечит жамааттарын мекенчилдикке, улутмандыкка жана мыйзамдуулукка чакыруу.

«Урматтуу дин кызматкерлери! Элибиз ыйык Рамазан айын чыдамсыздык менен күтүп, зор толкундануу менен тосуп алат эмеспи. Ушул береке жана сооп төгүлгөн касиеттүү орозодо элибизге тикеден-тик туруп кызмат кылып берели. Ар бир мечитибиз жууп-тазаланып, «Алланын үйүнө» агылгандарга таравихтер уюштурулсун. Чоң-чоң мечиттерде хатмул-Курандар өткөрүлсүн. Диний баяндар айтылып, коомго исламияттын асыл баалуулуктарын жеткирели. Алла Таалам ушул Куран айынын урматына кызматтарыбызды жана ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Коомубузда бөлүнүп-жарылуу, фитнакорлук, чектен ашуу, араздашуу жоюлуп, Кыргызстаныбызга кут-береке жаасын», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

КМДБ жетекчиси Рамазан бийик адамгерчиликке тарбиялаган мугалим экенин, момун-мусулман орозодо гана эмес, жылы бою ибадаткөй, такыба, сабырдуу болушу керектигин айтып, диний баяндарда ушуга басым жасоого чакырды.

Айта кетсек, 28-февраль күнү бардык мечиттерде таравих намазы окула баштаса, 1-март күнү орозо кармалат.