Бишкек шаарынын Ленин райондук Өрт коопсуздугу башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери, майор Алмазбеков Канат «Заман шамы» медресесинин студенттери үчүн өрт коопсуздугу жана өрт өчүрүү каражаттарын туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чарага медресенин мүдүрү Абдултаир Калбаев да катышып, майор Канат Алмазбековго ыраазычылык билдирип, студенттерге коопсуздук эрежелерин билүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуудан кийин Канат Алмазбеков окуу жайдын аймагындагы өрт коопсуздугуна байланыштуу жабдуулардын абалын текшерип чыгып, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча керектүү сунуштарын берди.