Каныбек ажы Жусупов: «Тарыхый баалуулуктарды сактоо ар бирибиздин атуулдук милдетибиз»

Ош шаардык мусулмандар казыятынын чакыруусу менен Ош шаардык мусулмандар казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов Юнесконун өкүлдөрү менен жолугуп, шаардагы тарыхый мечитерди рекунструкция (оңдоп-түзөө) иштерин жүргүзүү үчүн уруксат алуу боюнча маектешти.

«Ордолуу Ош шаарындагы тарыхый баалуулуктарды көздүн карегиндей сактоо жана келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз», – деди Каныбек ажы Жусупов.

Белгилей кетсек, Ош шаарында «Рабат Абдуллахан» мечити учурда Юнесконун коругуна кирет.