Жусуп Баласагын атындагы медреседе «Адамгерчилик, мекенчилдик жана руханий баалулуктар – коомдун пайдубалы» аттуу иш-чара уюштурулду

Баткен облусундагы Жусуп Баласагын атындагы медреседе «Адамгерчилик, мекенчилдик жана руханий баалулуктар – коомдун пайдубалы» аттуу маанилүү иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк» жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында, өлкөнүн руханий баалуулуктарын сактоо жана жаш муунга туура тарбия берүү үчүн уюштурулган. Иш-чаранын жүрүшүндө адамгерчилик, мекенчилдик жана руханий баалуулуктарга көңүл бурулуп, экстермизм, зордук-зомбулук жана башка терс көрүнүштөргө каршы күрөшүү темалары каралды.

Иш-чаранын катышуучулары бул маселелерди жоюу үчүн жалпы коомдук аң-сезимди көтөрүү, руханий баалуулуктарды жандандыруу жана жаштарды туура жолго баштоо маанилүү экендигин белгилешти. Программада Манас эпосунун жети осуяты тууралуу маалыматтар берилди. Эпос аркылуу адамгерчилик, мекенчилдик жана руханий баалуулуктар тууралуу терең түшүнүк берүү максаты көздөлдү. Ошондой эле сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, көркөм окуулар жана видео роликтер тартууланып, катышуучуларды улуу мурас менен тааныштыруу жана ага болгон кызыгууларын арттырууга аракеттер жасалды.

Саамалыкка Баткен казыятынын кызматкерлери Махмуд ажы Курбанбаев жана Фуркат ажы Авлиёев, Кадамжай районунун баш имам-хатиби Мухидин ажы Алматов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, өз пикирлерин билдиришти. Анда кыргыз элинин руханий баалуулуктарын сактоо жана аларды келечек муундарга өткөрүү жолундагы маанилүү иш-чаралардын бири экендиги белгиленип, өлкөнүн келечеги, анын коомунун бекем болушу адамгерчилик жана руханий баалуулуктарды урматтоого негизделгени айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында медресе тарабынан катышуучуларга бата берилди жана коомдогу ар бир адамдын руханий өсүшү үчүн аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.