Нарын шаарындагы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин fгрардык-техникалык факультетинде маанилүү тарбиялык жыйын өтүп, ага Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов катышты. Бул иш-чараны факультет деканы Мэраза Асыранбековна облустук казыят жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурду.
Жыйындын алгачкы сөзүн облус казысы Эрик Молдокулов алып, студенттерди Мекенди сүйүүгө, ыйык баалуулуктарды урматтоого жана илим-билимге умтулууга чакырды. Ал өз сөзүндө жаштык доорунун ар бир мүнөтүн баалап, туура пайдалануу керектигин баса белгиледи:
«Дүйнөдө ийгиликке жетишкен адамдарга Аллах Таалам бир күндө 30 саат убакыт берген жери жок. Баарыбызга бирдей 24 саат берилген. Бирок ошол убакытты ким пайдалуу пайдаланса, ошол адам ийгиликке жетет. Ар бир мүнөттү текке кетирбестен билим алып, өзүңөрдү өнүктүрүүгө жумшагыла. Бирок билимди ар кимден эмес, ошол тармактын чыныгы адисинен алуу маанилүү. Эгер диний билим алууну кааласаңар, биздин казыят, имамдар жана тажрыйбалуу мугалимдер ар дайым силерге жардам берүүгө даяр».
Ошондой эле, облус казысы жаштар арасында болуп жаткан кылмыштуулук темасына токтолуп, анын алдын алуу боюнча пайдалуу ойлорун бөлүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да сөз сүйлөп, студенттерге коопсуздук эрежелери жана кылмыштуулуктан сактануу боюнча пайдалуу кеңештерин беришти.