Кечээ, 25-февраль күнү Бишкек шаарында жайгашкан «Хаким Айым» медресе мекемесинде КМДБнын билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулуп жаткан кезектеги көчмө семинары болуп өттү. Семинарда фикх сабагынан «Ахкамуль хайз» темасында ачык сабак өтүлсө, ал эми иш-чара «Кыздын көркү – өнөрчүлүк» аттуу темада уюштурулду. Бул иш-чарага Бишкек шаарында жайгашкан жалпы диний окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.
Ачык сабак интерактивдүү метод менен өтүлүп, анын алкагында окуучулардын жөндөмүн арттырган көнүгүүлөр аткарылды. «Ахкамуль хайз” темасында ачык сабактын жүрүшүндө окутуучу теманы түшүнүктүү жана таасирдүү түрдө түшүндүрүп берди. Ар кандай тапшырмалар, оюндар жана практикалык иш-аракеттер сабакты жандуу жана эсте каларлык кылды. Айрыкча, мугалимдин колдоосу жана кызыктуу окутуу ыкмалары окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырылып, жыйынтыгында ачык сабакка «эң жакшы» деген баа берилди.
Ошондой эле иш-чарада кыздардын жасаган эмгектери көрсөтүлүп, кыргыз элинин негизги салттары кеңири баяндалды. Студенттердин кыргыз салтын мыкты өздөштүрүлүп жатканы өзгөчө бааланып, бул салттардын ар бири кыргыз элинин байыркы доордон бери сакталып келе жаткан маданий мурасы экенин дагы бир жолу тастыкталды.
Азыркы жаштарга бир эле билим менен чектелбестен аял затына керектүү нерселерди үйрөтүп жаткандыгы мугалимдерди кубандырды.