Ажылык – 2025: Жолдошбек ажы Абдылдаев зыяратчыларды коштоп баруучу дарыгерлерге жыйын өттү

Бүгүн, 26-февраль күнү КМДБнын конференция залында 2025-жылкы ажыларды коштоп баруучу дарыгерлерге жыйын өткөрүлдү. Жыйында ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев ажылык сапарындагы талаптар жана ибадаттын шарттары боюнча кеңири маалымат берди.

«Исламдын 5 парзынын бири болгон ажылык ибадатын уюштуруу жоопкерчилиги сиздер менен бизге насип кылган экен. Бул биз үчүн аманат, жоопкерчилик жана сыймык. Анткени Алла Таала өзү жакшы көргөн пенделерин ажылыкка чакырат эмеспи. Андыктан ажыларыбызга ак ниет менен кызмат кылып берели. Ажылык – бул машакат. Зыяратта ар кандай кырдаалга карабай, Алланын конокторуна жакшы мамиле кылып, эсепсиз соопко калалы. Ошондой эле штабдын тапшырмаларын, КР жана САПтын саламаттыкты сактоо министрликтеринин талаптарын сактаңыздар», – деди штаб төрагасы өз сөзүндө.

Жолдошбек ажы дарыгерлерди Ыйык Медина жана Мекке шаарларында атайын графиктердин негизинде күчтөүлгөн тартипте кызмат кылып берүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, ажыларга кызмат кылуучу 20 врач КР саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген.