Нарын облусунда 2025-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлуп, 1-февралдан тарта күчүнө кирген «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелери жөнүндө» жаңы мыйзамдын алкагында атайын семинар уюштурулду. Семинар Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында өтүп, анда бир катар мамлекеттик жана диний жетекчилер катышты.
Семинарга:
Максат Эргешов – КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы;
Кайрат Садыбакасов – Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ЭММКАКтын улук ыкчам өкүлү;
Алмасбек Максутов – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын облусундагы өкүлү;
Эрик Молдокулов – Нарын облустук мусулмандарынын казысы катышты.
Ошондой эле, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери, райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн, билим берүү тармактарынын өкүлдөрү, Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары, облустук казыяттын өкүлдөрү жана Нарын шаарынын имамдары катышты.
Семинарда каралган негизги маселелер:
Нарын облусундагы учурдагы диний кырдаал;
«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелери жөнүндө» жаңы мыйзамдын талаптары жана укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтер;
Маркумду акыркы сапарга узатуудагы шарияттын талаптары жана адеп-ахлак нормалары.
Алгач, КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Максат Эргешов өлкө аймагындагы диний кырдаал тууралуу маалымат берди. Андан соң, Кайрат Садыбакасов ички тартип жана мыйзам бузууларга карата колдонулуучу чаралар тууралуу баяндама жасады. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Алмасбек Максутов жаңы кабыл алынган мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана талаптар тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
Семинардын жыйынтыктоочу сөзүн Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов сүйлөп, бул мыйзамдын маанилүүлүгү жана диний ишмердүүлүктүн бирдиктүү тартипте жүргүзүлүшү тууралуу кеңири маалымат берди. Ал төмөнкү маанилүү маселелерге кыскача токтолду:
«Буга чейин ата-бабаларыбыз Орто Азия аймагында Ханафи мазхабы менен Матуриди акыйдасын бекем карманып келсе, мындан ары да ушул бирдиктүү жол, бир муфтият, бир ишеним жана бир кармануу сакталып кала берет. Биздин имамдар саясий иштерге катышпаган жана мындан ары да ошол принципти карманат. Ошондой эле вакцина тууралуу маселелер да көтөрүлүүдө. Бул жаатта айта кетчү нерсе – намаз окуган адамдын баары эле молдо эмес. “Молдо” деген сөз мечит имамдарына жана казыят кызматкерлерине тиешелүү. Ал эми сакал коюп, намаз окуган адам – бул жөн гана өлкөбүздүн жараны. Ошондуктан, карапайым мусулмандардын жеке пикирин жалпы имамдарга таңуулоо туура эмес деп ойлойм. Маркумду акыркы сапарга узатуу маселесине келсек, шарият ашыкча чыгымга барбоону колдойт. Маркумга коюлган эстеликтерди чектен ашырбоо – бул да диний талаптарга шайкеш келет. Ошондой эле, акыркы сапарга узатууда союлган эт маселесине көңүл бурушубуз керек. Биз дайыма муну токтотууга чакырып, жыйындарда айтып келебиз, бирок иш жүзүнө келгенде, айрым учурларда имамдар эле калып, айрымдар бул эрежелерди колдобой кетүүдө. Мындан ары бул маселени чогуу ишке ашырууга аракет кылуубуз зарыл. Динди жайылтуу жана диний баяндарды айтуу маселеси да тартипке келтирилет. Социалдык тармактарда ар ким эле диний темада баян кыла албайт. Бул укук мындан ары терең илимге ээ болгон, дасыккан адамдарга гана таандык болот. Аларга жыл сайын тиешелүү мекемелер тарабынан атайын «Насаатчы» сертификаты берилип, ошол документтин негизинде гана баян айтууга уруксат берилет. Болбосо, акыркы убактарда жарым жылдык диний билим алып, бирок элге туура эмес маалымат берип жаткан учурлар көбөйдү», – деди.
Ал сөзүнүн соңунда, катышуучуларды кирип келе жаткан ыйык Орозо айы менен куттуктап, фитир-садаканы QR-код аркылуу төлөөнүн ыңгайлуу жолдорун колдонууга чакырды.