Лейлекте имамга автоунаа белек кылышты

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Баул айылынын «Ражаб бий» мечитинин имамы Имарбек Жанжигитовго Лейлек райондук хатибиятынын демилгеси жана айыл тургундарынын колдоосу менен Хонда CRV автоунаасы тапшырылды.

Иш-чарага Баул айылынын жашоочулары жана Лейлек районунун баш имам-хатиби Кубатбек Абдыгапар уулу катышып, мындай жакшы саамалыктын маанисин белгилеп өтүштү.

Автоунаа имамдын ишин жеңилдетүүгө, ошондой эле динге кызмат кылуу жолунда анын аракеттерин колдоого жардам берет. Лейлек районунун баш имам-хатиби Кубатбек Абдыгапар уулу Баул айылынын элине ыраазычылык билдирип, алардын колдоосунун маанисин белгиледи.

Казыяттан билдиришинче, бул Лейлек райондук хатибиятынын демилгеси менен имамдарга белекке берилген төртүнчү машина болуп саналат.

Имарбек Жанжигитов тууралуу айтсак, ал бир нече жылдан бери Баул айылынын «Ражаб бий» мечитинде имамдык милдетти аткарып, элге диний кызмат кылып келет.