Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын жума мечитинде жеке ишкер Бахтияр Кулмырзанын каржылоосу жана айыл имамы Мирбек Жолдошбековдун сунушу менен мечиттин эсепчиси Габарэдин Байтиковго жана жергиликтүү диний мугалим Бактияр Жамангараевге ыйык умрага сертификаттар тапшырылды. Габарэдин Байтиков мечиттин эсепчиси катары көп жылдан бери эмгектенип келет жана ак кызматы аркылуу айылдагы диний иш-чараларды уюштурууга чоң салым кошкону менен белгилүү. Ал эми Бактияр Жамангараев айыл имамы менен бирге дин тармагында түшүндүрүү иштеринде жана жаштарга таалим-тарбия берүүдө активдүү.
Айыл имамы Мирбек Жолдошбеков бул сыйлыкты Алланын ыраазычылыгын табууга жана диний багыттагы кызматты өркүндөтүүгө болгон күч-аракет катары баалап, сыйлыктын ээлери өздөрүнүн ишмердүүлүгүн дагы да күчөтүп, айылдагы диний тарбияга жана жаштарга болгон камкордукка көбүрөөк көңүл бурууга түрткү болорун белгилеп, демөөрчү Бахтияр Кулмырзага ыраазычылык билдирди.
Ал эми Бахтияр Кулмырза бул иш-чараны уюштуруу аркылуу айылдагы биримдикти жана коомдун руханий деңгээлди көтөрүү көздөлгөнүн айттып, келечектеги көптөгөн жакшы максаттары менен бөлүшсө, сертификаттын ээлери жалпы элге, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, умрага белек аларга күтүүсүз болгонун белгилешти.
Бул иш-чара Өзгөрүш айылынын тургундары үчүн чоң мааниге ээ болуп, жашоочулар ортосундагы ынтымакты чыңдап, кийинки убакта мындай иш-чараларды өткөрүүгө чакыруу болгону айтылып, элдин диний, руханий көрөңгөсүн байытуу боюнча көптөгөн сунуштар белгиленди.