Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын борбордук мечитинде Ош шаардык мусулмандарынын казыяты «Примов» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Ыйык Рамазан айынын урматына жардамга муктаж 250 кишиге азык-түлүк баштыкчаларын таратты.
Азык-түлүктөрдөн ун, өсүмдүк майы, күрүч, кум шекер, макарон, чай, туз жана балдар үчүн шириндиктер берилди.
Кайрымдуулук иш-чарасында Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Ыйык Рамазан айында кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөткөн «Примов» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирип, катышуучуларды кирип келген Ыйык Рамазан айы менен куттуктады.
«Кайрымдуулук иш-чаралары Ыйык Рамазан айынын ортолорунда башталчу. Бул жылы орозонун алдында жардамга муктаждарды кубантып турган кезибиз. Материалдык жактан колдоо көрсөткөн «Примов» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирем», – деди шаар казысы.