«Ибадат эне «диний окуу борборунда “Кыргыздын улуттук кийимдерин жана эзелтен бери келген каада-салттарын жаңыртуу” аталышындагы маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу окуу борбордун бөлүм башчысы Гүлнара Жолболдуева билдирди.
Иш-чарага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен район жана шаарынын баш имам-хатиби Сайдахмат ажы Аппазов, “Ибидат эне” окуу борборунан сабак алгандар жана устазалар катышты.
Ммаданий саамалакта баланы бешикке бөлөө, энелердин улуттук кийимдеринин маанилери жана улуттук баш кийимдердин тарых-таржымалдары айтылды.
Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров өз сөзүндө: “Кыргыздын улуттук кийимдери ислам дининдеги, анын ичинде ханафий мазхабындагы ар бир мусулманга шариятта айтылган талаптарга төп келерин эзелтен ата-бабаларыбыз билген. Алар улуттук кийим кийип эле мусулманчылыктын талаптарын аткарып келген. Муну биз азыркы жаштарга жайылтуубуз керек”, – деди.
Иш-чаранын максаты кыргыздын улуттук кийимдерин жана унутулуп же өзгөрүп бараткан каада-салтын кайрадан пропагандалоого багытталган.