Бишкек шаарында жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын демилгеси менен кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомчулукка жат болгон көрүнүштөргө жол бербөө максатында профилактикалык иш-чаралар өтүүдө.
Анын алкагында Свердлов районун баш имам-хатиби Улан ажы Курманбаев ЖОЖдордогу студенттерге жана мектеп окуучуларына, ата-энелерге «Ислам дини – тынчтыктын дини» аттуу темада баяндама жасоодо.
Имам-хатиб өзүнүн баяндамасында мектеп өспүрүмдөрүнүн арасындагы рэкетчилик, наркотикалык уулуу заттардын шариятта арам экендигин, анын азабы бир гана акыретте эмес, ушул дүнүйөдө дагы болорун баса белгилеп айтып өттү.
Ошону менен бирге имам-хатибдин тапшырмасы менен райондогу имамдар дагы мектептерде жана ЖОЖдордо жергиликтүү бийликтин чакыруусунун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.