Бүгүн, 27-февраль күнү Нарын облустук казыятынын жыйындар залында Нарын районунун имамдары үчүн жыйын болуп өттү. Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Нарын облусундагы өкүлү Алмасбек Максутов, Нарын облустук мусулмандарынын казысы Эрик Молдокулов жана казыят кызматкерлери катышты.
Жыйындын алгачкы бөлүгүндө Алмасбек Максутов Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2025-жылдын 21-январында кол коюлуп, 1-февралдан тарта күчүнө кирген «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамдын алкагында атайын презентация өтүп, имамдардын суроолоруна кеңири жооп берди.
Андан соң облус казысы Эрик Молдокулов садака, фитир жана зекет төлөмдөрү үчүн иштелип чыккан QR-код тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ошондой эле ал кирип келе жаткан ыйык Рамазан айы менен бардык имамдарды куттуктап, бул берекелүү айда мечиттерди тыкыр көзөмөлдөп, тазалыгын сактоого, таравих намаздарын жогорку деңгээлде уюштурууга чакырды.
Жыйын соңунда имамдарга жүктөлгөн жоопкерчиликтер дагы бир ирет эскертилип, алдыда келе жаткан Рамазан айына мыкты даярдык көрүү боюнча тапшырма берилди.