Бүгүн, 27-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүн эффективдештирүү жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле толук кандуу санариптештирүү багытында онлайн талкуу өткөрүлдү. Онлайн талкууга КМДБ тараптан Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, мечиттер жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Давранбек ажы Жунусалиев жана ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Элзарбек Эшаров катышты.
Талкуунун өзөктүк бөлүгүн санариптештирүү жана бул жаатта ОшМУнун ийгиликтүү тажрыйбасын пайдалануу түздү.
Онлайн пикир алышууда төмөнкү этаптар талкууланып, болжолдуу механизмдер сунушталды.
1-этап; Муфтияттын бардык структураларынын, аймактык түзүмдөрүнүн жана диний объектилердин документ жүгүртүүсүн электрондоштуруу;
2-этап; Диний билим берүү системасын электрондоштуруу;
3-этап; Бухгалтерия тармагын электрондоштуруу.
Айта кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун өлкөдө диний маданиятты өркүндөтүү жана муфтиятты өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган 5 жылдык стратегиялык иш-мерчеминде Муфтиятты электрондоштуруу приоритеттүү багыттардын бири катары тандалып алынып, анын алкагында диний башкармалыкты санариптештирүү жараяны кызуу жүрүүдө. Мисалга алсак, «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү системасына толук түрдө өтүү, мечиттерди жана имамдарды бирдиктүү электрондук базага каттоо ж.б. демилгелер ушул пункттун алкагында ишке ашырылды.