Бүгүн, 27-февралда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр – Тамчы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Орук айылында жаңы курулган “Мурас” мечитинин ачылыш аземи болуп өттү.
Бул ыйык жайды Майрамкүл Кулова балдары менен бирге куруп, маркум жолдошу Смадияров Айдарбектин арбагына арнады. Маркум Айдарбек өмүрүндө мечит салуу ниетинде жүрүп, бирок бул максатын ишке ашырууга жетишпей калган. Анын асыл тилегин жубайы жана балдары ишке ашырып, айыл элине жаңы мечит тартуулашты.
Ачылыш аземине Балыкчы шаарынын мэри Азамат Анарбек уулу, Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби жана башка райондордун баш имам-хатибдери катышты. Алар куттуктоо сөздөрүн айтып, ыраматылык Айдарбектин үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирип, чакан белектерин тапшырышты.
Жаңы мечит заманбап үлгүдө, бардык шарттары менен кооз курулуп, айыл тургундары үчүн чоң белек болду.