Мечиттин темир жабдууларын жасаган устага умрага жолдомо белек кылынды

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы «Латифа» мечитинин имамы Нурбек ажы Исманалиевдин демилгеси менен көп жылдардан бери мечиттин темир жабдууларын жасаган уста Эрназар Боконовго умрага жолдомо берилди.

Мечит имамы жолдомону тапшырып жатып:

«Жамаатыбызга кичи пейилдиги жана ак эмгеги менен үлгү болгон Эрназар байкебиз көп жылдан бери мечитибиздин темир асма шыптарын, кыштын күнү адамдарга ынгайлуу болуу үчүн темир кармагычтарды жана кандай гана темир ширетүү жумуштар болбосун, башкалардан озунуп чоӊ кызмат көрсөтүп келет. Мына ушул чоң эмгекти аз болсо да унутта калтырбастан жамаатыбыздын атынан, ыраазычылык иретинде Эрназар агабызды ыйык умра сапарына жолдомо берүү менен сыйлоону ылайык көрдүк. Жараткан Аллах Таала агабыздын ак эмгенин кабыл кылып, өмүр-ырыскысына берекесин берсин!», – деп өз каалоо-тилектерин айтты.