Ош шаарында Жибек жолу аймагындагы мечит имамдары 3 айлык окуудан өтүп, сертификаттарга ээ болушту

Ош шаарында имамдар үчүн мурас маселелери боюнча атайын 3 айлык окуу курсу өткөрүлүп, ага катышкан дин кызматкерлери сертификат алышты. Бул программа имамдардын билимин өркүндөтүүгө, мурас маселелерин ислам укугунун негизинде туура чечмелөөгө жана коомго сапаттуу диний кызмат көрсөтүүгө багытталды.

Окуу курсу Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын колдоосу менен уюштурулуп, анын алкагында катышуучулар ислам мурасы, шарияттагы мурас укугу, мурас бөлүштүрүү эрежелери жана заманбап практикалык маселелер боюнча кеңири билим алышты.

Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов имамдардын диний билимдерин жогорулатуу мындан ары да улантыларын баса белгиледи.

«Бул окуу курсу мурас маселелерин туура чечмелөөдө имамдардын билимин тереңдетип, алардын жамаат менен иш алып баруу жөндөмүн жогорулатат. Бул сыяктуу билим берүү иш-чаралары мындан ары да улантылат», – деди Каныбек ажы Жусупов.