Кечээ, 28-февраль күнү Ош шаарында Ыйык Рамазан айына даярдык көрүү максатында мечит имамдарынын катышуусунда жыйын өттү. Иш-чаранын алкагында Ыйык айда аткарылуучу диний кызматтар талкууланып, имамдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.
Иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (Ош ШИИБ) өкүлдөрү, КР ички иштер министрлигине караштуу Ош шаары жана Ош облусунун баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам өкүлдөрү, казыят кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.
Жаштар арасында баңгизат колдонуу сыяктуу терс көрүнүштөр тездик менен жайылып жаткандыктан, Ош шаардык мусулмандарынын казыяты баңгизаттар менен иштөө боюнча адистерди чакырып, элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүүзүү үчүн биргеликте иш алып баруу маселеси каралды.
Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам өкүлү баңгизаттардын жайылышына каршы күрөшүү жана жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө имамдар менен биргеликте иш алып баруу зарылчылыгын белгилеп, баяндама жасады.
Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов имамдарга Рамазан айын биримдикте өткөрүү, жамаат менен иштөө, мусулмандарга ыңгайлуу шарт түзүү жана КМДБ тарабынан келген буйруктарды так аткаруу боюнча төмөндөгү тапшырмаларды берди:
Мечиттердин тегерегинде жол тыгынын жоюу жана жол коопсуздугун камсыздоо үчүн тиешелүү органдар менен кызматташуу;
Баңгизаттарга каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
Таравих намазы учурунда мечиттерде коопсуздук чараларын күчөтүү;
Рамазан айына даярдыкты күчөтүп, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Жума хутбаларында Рамазан айына тиешелүү темалардын негизинде баян кылуу;
Таравих намазынан кийин орозо тууралуу баяндарды уюштуруу;
Жаңы мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
Ифтарлыктарды уюштуруу жана ысырапкерчиликтин алдын алуу ж.б.