Алайда Рамазан айынын алгачкы күнү 400 адамга жардам баштыкчасы таратылды

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков «Алай айымдары» коомдук уюмунун колдоосу менен райондогу 400гө чукул  жаранга жардам баштыкчалары таратылгандыгын билдирди.

«Рамазан айында бардык үйдө аз да болсо азык болсун деген максатта уюштурулган кайрымдуулук ишине колдоо көрсөткөн «Алай айымдары» коомдук уюмуна ыраазычылык билдиребиз. Рамазан айында эртеден кечке ачка жүрүп, колунда жоктордун абалын түшүнүп, кайрымдуулук иштерин пландаган берешен байлар көбөйө берсин. Бул иш-чара башкаларга да үлгү болот деп ишенебиз», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Аталган жардам баштыкчалары райондогу аз камсыз болгон жарандарга берүү менен биргеликте, эл арасында кадыр-барктуу аксакал ажы аталарга да тапшырылды.