Талантбек ажы Темирбаев Азирети Муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп Талантбек ажы Темирбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Талантбек ажы Темирбаев буга чейин Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп эмгектенип келген. Ал бүгүн, 3-март күнү КМДБнын эмгек жамаатына тааныштырылып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик кааланды.

Темирбаев Талантбек Кадырбекович

Темирбаев Талантбек Кадырбекович 1974-жылы 3-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда төрөлгөн.

1980-1991-жылдары Сузактагы “Крупская” орто мектебин аяктаган.

1992-жылы Жалал-Абад шаарындагы “Билим” коому тарабынан уюштурулган “Араб тилин окуу жана жазуу” боюнча окуу курсун ийгиликтүү аяктаган.

1992-1996-жылдары Жалал-Абад шаарындагы коммерциялык институтта “Финансы жана кредит” адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

2003-2005-жылдары Кыргызстан Ислам университетинин алдындагы “Имамдык курсту” аяктаган.

2009-2014-жылдары Кыргызстан Ислам университетинин “Араб тили жана шарият” факультетин бүтүргөн.

Ал ошондой эле Кыргызстан Эл аралык Университетинде “Экономика” факультетинде окуган.

Эмгек тажрыйбасы:

2003-2005-жылдары Кыргызстан Ислам университетинде ректордун жардамчысы;

2005-2008-жылдары Бишкек шаардык Борбордук мечитте имам;

2008-2015-жылдары Бишкек шаарынын казысынын жардамчысы;

2015-2021-жылдары Бишкек шаардык казыятынын курулуш жана чарба иштери боюнча адис;

2021-жылдын 1-июлунан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы

Сыйлыктары:

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана Бишкек шаардык казыятынын “Ардак грамота” жана “Ыраазычылык баракчалары” менен бир нече жолу сыйланган.