Караколдо мектептерде жаш өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча жыйындар өттү

Каракол шаарындагы бардык мектептерде жаш өспүрүмдөрдүн мушташтарын, рекетчиликти жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча ата-энелер жана жогорку класстын окуучулары менен жыйындар өткөрүлдү.

Жыйындарга Ысык-Көл облусунун орун басар казысы Алмазбек ажы Сагындыков катышып, терс көрүнүштөрдүн себептери жана аларды алдын алуу жолдору боюнча өзүнүн сунуштарын берди. Алмазбек ажы ата-энелерди балдарына көбүрөөк көңүл бурууга, аларга туура тарбия берүүгө чакырып, насааттарын сөздөрүн айтты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар да өз ойлорун айтып, коомдук тарбиянын мааниси жана үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу пикир алышты.

Айта кетсек, облус казысы Самидин кары Атабаевдин тапшырмасы менен аймактагы билим берүү башкармалыктары менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүүдө.