Бишкекте «Аялзаты – тарбиянын башаты» аттуу семинар өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Октябрь районунун баш имам-хатиби Таштемир ажы Эшматовдун демилгеси менен белгилүү дин аалымы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору, Аалымдар Кеӊешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматовдун аялзатына багытталган баяндама-сабагы болуп өттү.

Абдишүкүр ажы Нарматов баяндамасында: «Ар бир улуу инсандардын артында улуу эне, аял турат. Анткени перзент тарбиясында аялзатынын орду эбегейсиз экендиги баарыбызга маалым. Эгерде бүгүнкү кыздарыбыз, жалпы аялзаты намыстуу болсо, адеп-ахлагында үлгүлүү болсо, анда андан тарбия алган перзент да тарбиялуу болуп жетилет. Бир гана ислам тарыхында гана эмес, адамзаттын таарыхында улуу инсандардын ар биринин артында чоӊ тарбия берген адамдар болгон. Ошондуктан келиӊиздер, оӊолуунун, өзгөрүүнүн, такыбаа болуу айында турабыз. Оболу өзүбүздү оңдойлу, андан соӊ перзенттерибизди өзгөрүүсүнө өбөлгө түзөлү», – деп баалуу насааттарын айтты.

Баш имам хмам-хатиб Таштемир ажы Эшматов аалымдардын катышуусундагы ушул сыяктуу семинарлардын өтүлүшү чоң мааниге ээ экендигин жана таасирдүү болгондугун белгиледи.