Талас районуна караштуу Талды-Булак айылында жаңы мечиттин ачылышы болуп өттү. Жергиликтүү тургундардын узак убакыттан берки тилеги орундалып, Сүйөркул кызы Сабия атындагы мечит ибадат кылуучулар үчүн эшигин ачты. Мечиттин ачылыш аземине Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, мечиттин курулушуна демөөрчүлүк кылган жергиликтүү ишкер Азамат Джусупов жана айыл тургундары катышты.
Ачылыш аземи Куран окуу менен башталып, облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жамаатка куттуктоо сөзүн айтты. Ал өз сөзүндө мечиттин курулушуна салым кошкон бардык адамдарга терең ыраазычылык билдирип, мечиттин кең, жарык жана ыңгайлуу шарттарда салынганын, ибадат кылуу үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөнүн жана бул мечит коомдун биримдигин чыңдоочу жайга айланарына ишенерин билдирди. Ошондой эле мечиттин курулушуна негизги демөөрчүлүктү кылган Азамат Джусупов бул саамалык жалпы айыл элинин тилеги болгонун жана мечит жаштарды ыйманга үндөгөн ыйык жай болоруна ишеним артты.
Жергиликтүү аксакалдар жана тургундар да сөз сүйлөп, мечиттин ачылышы менен айылдын руханий турмушунда жаңы барак ачылганын айтышты. Алар мечитте диний сабактар, кайрымдуулук иш-чаралары уюштуруларына ишенерин билгизишти.
Айыл эли да демөөрчүгө жана курулуш иштерине көмөк көрсөткөн бардык тараптарга терең ыраазычылыгын билдирди.