Таласта дин тутуу эркиндиги жана ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча жыйын өттү

Талас облусунда «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (Муфтияттын) ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча №5 фатвасын коомго жеткирүү жыйыны болуп өттү. Бул иш-чарага Президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын орун басары Зорбек Ибраимов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов, ошондой эле облустун аксакалдары, айыл имамдары жана коомдук активисттер катышты.

Жыйындын негизги максаты – Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдардын жөнгө салуучу мыйзамдарды талкуулоо, ошондой эле ысырапкорчулукка каршы күрөшүү жана диний жөрөлгөлөрдү жөнөкөйлөтүү маселелерин карап чыгуу болду.

Облас казысы Сулумбек ажы Узеналиев Муфтияттын ысырапкорчулук боюнча фатвасын таныштырып, муфтият тарабынан чыгарылган фатванын негизги максаты жергиликтүү коомчулукта маркумду акыркы сапарга узатууда мал союу, мүрзөлөрдү казуу тартиптери, маркумга атап бейшембилик, жетилик, кырктык, элүү экилик сыяктуу аталыштар менен мал союулар, мүрзөнүн үстүнө мрамор, граниттен, темирден жасалгаланган монументтерден баш тартуу керектиги, ашыкча чыгымга учураган элдин экономикалык абалына терс таасирин тийгизип жатканы баса белгиледи.

Ошондой эле катышуучулар жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздоо, мамлекет менен диндин өз ара аракеттенүү принциптери боюнча кеңири талкуу жүргүзүштү. Жыйындын катышуучулары кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын сактоо менен тойлорду ашыкча чыгымсыз, чектүү сандагы коноктор менен өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө ойлорун ортого салышты. Ар бир адам өз экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша той өткөрүп, карызга батпастан, элге да, өзүнө да пайдалуу шарт түзүү керектиги айтылды. Катышуучулар ысырапкорчулукту токтотуу боюнча жер-жерлерде укук коргоо органдары, аксакалдар, дин кызматкерлери жана коомдук активисттер менен биргеликте маалыматтык иш-чараларды жүргүзүү жана биргеликте иш алып баруу зарылдыгын белгилешти.