Бүгүн, 5-март күнү «Абдулло ибн Аббас» ислам институтунда 5-март – Ак калпак күнүнө карата ачык сабак өтүлдү. Сабакты окуу жайдын маданият бөлүмүнүн башчысы Ибрахим Абдимиталип уулу өтүп, ак калпак жөн гана баш кийим эместигин, ал элдин тарыхы, маданияты, каада-салты жана жашоо турмушу экендигин түшүндүрүп берди.
Окуучулар калпактын түрлөрүн, жашына жана түсүнө карап айырмаланышын, ар бир оймо-чиймелери өзүнчө мааниге ээ экендигин үйрөнүшүп, кызыккан суроолоруна жооп алышты.
Бул сабактын максаты калпактын тарыхын, улуттук кийимдердин ордун, улуттук баалуулуктарды жаш муунга туура түшүндүрүп, аларды сактоого жана улуттук салттарды урматтоого шыктандыруу болуп саналат.