Бүгүн, 6-март күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана алдын алуу багытында атайын жыйын болуп өттү.
Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын улук оперкызматкери, милициянын подполковниги Урмат Калдаров, Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн улук тескөөчүсү, милициянын майору Кантемир Бекболотов, “Safe” байкоочу көзөмөл камераларын орнотуу боюнча адистештирилген борбордун адиси Саид Сабирходжаев, Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатибинин орун басары Шахабидин ажы Насирдинов жана аталган район шаардан тандалган 8 жума мечиттин имамдары катышты.
Жыйында имамдарга коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, кылмыштардын алдын алууда адамдын жүзүн тааныган камераларды коюу зарыл экендиги айтылды. Ошондой эле адамдын жүзүн тааныган камералардын артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
“Адамдын жүзүн тааныган камераларды орнотуу менен биз бир топ кылмыштардын алдын алууга жана бетин ачууга жардам берген болобуз. Анткени бул камералар Жалал-Абад ОИИБдин кырдаалдык борбору аркылуу көзөмөлдөнөт. Ал жердеги атайын адистер камеранын жардамында ар бир кыймылды көзөмөлгө алат жана кырдаалга жараша кылмыштардын алдын ала алат. Ошондуктан коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана алдын алуу багытындагы бул аракетти колдошубуз зарыл”, – деди Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Кантемир Бекболотов.
Ал эми облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков: “Кудайга шүгүр! Бүгүн мечитке каттаган жарандардын агымы арбын. Ошондуктан алардын коопсуздугу башкы орунда. Адистердин берген маалыматын угуп, экранда даярдалган видео роликти көрүп, бул камераларды мечиттерге да коюу зарыл экендигин түшүнүп турабыз. Бизди ойлонткон маселе анын каржысы. Ошондуктан алгачкы этапта Сузак районунан 3, Жалал-Абад шаарынан 5 чоң жума мечитке коюп туралы. Кийинчерээк башка район, шаарларга да орнотобуз. “Safe” байкоочу көзөмөл камераларын орнотуу боюнча адистештирилген борбор менен жакындан кызматташып келебиз. Эгер мүмкүн болсо Кантемир таксырым, сиз коюлушу зарыл болгон камералардын техникалык мүнөздөмөсүн берсеңиз, балким Саид таксырыбыз карап, бизге баалары боюнча маалымат берет. Баш имам-хатибдер, имамдар, сиздер каржы булаган чечүү жолун ойлонуңуздар. Март айынын соңуна чейин жогоруда айтылган мечиттерге орнотолу. Аллахым баарыбызга жеңилдигин берсин!”, – деди.
Жыйындын соңунда адамдын жүзүн тааныган камералар төмөнкү мечиттерге коюула турган болду.
Жалал-Абад шаарынан 5 жума мечит
“Достук” жума мечити;
“Азирети Хизир” жума мечити;
“Насирдин-Ата” жума мечити;
“Азирети Аюб” жума мечити;
“Билал” жума мечити.
Сузак районунан 3 жума мечит
“Абу Ханифа” жума мечити;
“Сузак” жума мечити;
“Чынар” жума мечити.