Төрт тараптуу иш пландын негизинде Өзгөн районунун жалпы имамдарына жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук «Топанса Отумбу» атындагы мечитинде имамдар жыйыны өткүп, бир канча маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын жүрүшүндө жашы жетелектерге нике кыюу маселесин алдын алуу, «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам, экстремизм жана терроризмдин алдын алуудагы имамдардын жоопкерчилиги тууралуу сөз болуп, жогоруда аталган маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жоопкерчиликтүү болуу керектиги айтылды.

Аталган жыйынга Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Мухаммадсали ажы Рахмидинов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу, райондук прокурордун орун басары Адылбек Маматалиев, ИИМдин райондогу ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын майору Анарбек Мойдунов, УКМКнын кызматкери Эрлан Абытов жана райондун жалпы имамдары катышты.