Мекке: Азирети Муфтий «Ислам мазхабдарынын ортосунда көпүрө куруу» аттуу II эл аралык конференцияга катышууда

Ыйык Мекке шаарында эки Ыйык мечиттин камкорчусу, САП падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун колдоосу астында «Ислам мазхабдарынын ортосунда көпүрө куруу» аттуу II эл аралык конференциясы өтүүдө. Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышып жатат.

Ислам үммөтүнүн ынтымагын күчөтүүгө багытталган конференцияга Саудиянын муфтийи Абдулазиз бин Абдулла Аль Шейх, Сауд Арабия Королдугунун жогорку Муфтийи, Улуу Аалымдар Кеңешинин Төрагасы, жалпы илимий изилдөөлөр жана фатвалар боюнча комитеттин Генералдык төрагасы жана бүткүл дүйнөлүк мусулман лигасынын жогорку кеңешинин Төрагасы баштаган дүйнөнүн 90 дон ашуун өлкөлөрүнөн муфтийлер, дин аалымдары жана дин ишмерлери чакырылган.

Конференцияга катышып жаткан аалымдарга эки Ыйык мечиттин камкорчусу, САП падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жана мураскор, премьер-министр Мухаммед бин Салман терең ыраазычылык билдирип, дин исламга кылып жаткан эмгектерин жогору баалады.