Бишкек шаарындагы «Салкын» мечитинин имамы Абубакр Темирбаевдин демилгеси, жергиликтүү тургундардын колдоосу менен 80 үй-бүлөгө зарыл болгон тамак-аш баштыктары таратылып берилди.
Бул тууралуу мечит имамы кабарлап, «Жамаатыбыздагы мүмкүнчүлүгү бар кайрымдуу эр-азаматтарыбыздын колдоосу менен мечитибиздин аймагындагы 80 үй-бүлөгө баштыктар таратылды. Бул сыяктуу иш-чаралар ар дайым жергиликтүү жамаатыбыз тарабынан колго алынып, уюштурулуп келет. Өзгөчө ыйык Рамазан айында кайрымдуулук иштери боорукер жарандарыбыз менен бир нече ирет жасалат. Бир гана баштыктар таратылбастан, мечитибизде ооз ачуулар, колунда жок муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүлөр болуп келет», – деп билдирди.