Бүгүн, 10-март күнү Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов жана Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев ажылык иштеринин башталышы, зыяратчылардын талап кылынган документтери жана визага даярдоо жараяны менен таанышып чыгышты.
Жалпы жараянды 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев тааныштырып, ажылыкты уюштуруу иштери боюнча кеңири маалымат берди.
Айта кетсек, быйыл САП тарабынан кыргызстандыктар үчүн 6060 квота бөлүнгөн.