Бакай-Ата: Рамазан айында жаңы мечит ибадатка эшигин ачты

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында “Тариэл уулу Назарбек” атындагы мечиттин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул ыйык мечиттин ачылышы берекелүү Рамазан айына туш келип, жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. Ачылыш аземине Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, айыл башчысы Замирбек Надырбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада Ыйык Куран аяттары окулуп, Аллахтын берекеси жана ырайымын тилөө менен башталды. Салтанаттуу ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев,

«Аллахка шүгүр, бүгүнкү күндө ыйык Рамазан айынын башталышы менен жаңы мечиттин ачылышына күбө болуп жатабыз. Бул мечит – жалаң гана ибадат кылуучу жай эмес, жергиликтүү жамаатты бириктирип, ынтымакты, адеп-ахлакты жана илимди өркүндөтүүчү коломто. Мечитке кадам таштаган ар бир адамдын жүрөгүнө нур толуп, ыйманы бекем болсун! Бул ыйык жайдын курулушуна эмгек сиңирген бардык инсандарга Аллах Таала береке, дени сак өмүр жана эки дүйнө бактысын насип кылсын!» – деп, жалпы жамаатка дуба кылды.

Ошондой эле катышуучулар мечиттин курулушуна демөөрчүлүк кылган, колдоо көрсөткөн бардык инсандарга терең ыраазычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, жаңы мечит айыл тургундары үчүн биримдиктин, ынтымактын жана сооптуу иштердин очогу болот.

Иш-чаранын соңунда жалпы жамаат биргеликте дуба кылып, мечиттин эл үчүн кызмат кылышын, ибадат кылууга келген адамдарга руханий азык берерин, алардын жүрөгүнө тынчтык жана береке тартуулашын суранып тилек кылышты. Бул мечиттин ачылышы Боо-Терек айылынын жашоочулары үчүн Рамазан айынын кириши менен чоң белек болду. Аллах Таала бул мечитти кыяматка чейин ыйман жана илимдин очогу кылып, жамаат үчүн пайдалуу жай кылсын!