Кызыл-Кыя шаарынын борбордук мечитинде шаардагы диний сабаты бар аялдарга маркумду акыркы сапарга узатуудагы маарекелерде ысрапкорчулукка жол бербөө максатында атайын сабак өтүлдү. Бул тууралуу Баткен казыятынан билдиришти.
Бул иш-чараны Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев уюштуруп, маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын №5 фатвасы боюнча аялдарга түшүндүрмө берди. Фатвада айтылган ислам шариятында жок болгон үчтүк, бейшембилик, жетилик сыяктуу аталыштар менен мал союулар болбойт. Аялдар арасында кенен тараган ак кийди көк кийди жана чүпүрөк айрып таратуу ж.б.у.с ысрапкорчулукка жол берген мараасымдарды токтотуу керектигин айтты.
Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы ушул жылдын 19-февралында Маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө фатвасы чыккан.